7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Контрабанда жолу менен ташылып келаткан жүк аныкталды

746

Минералдык жер семирткичтердин контрабандалык жүктөрү токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-майда У.Н.А. аттуу жарандын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа токтотулган.

Аталган жүк ташуучу унааны тинтүү учурунда «ТКЦ» маркасындагы жалпы көлөмү 10 тоннаны түзгөн, тагыраагы ар бири 50 кг болгон 200 кап цемент табылган. Ошол эле учурда бул мүшөктөрдүн астында, коңшу мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүү үчүн катылып, ар бири 50 кг болгон 300 мүшөк, жалпы көлөмү 15 тоннаны түзгөн минералдык жер семирткичтер (аммиак селитрасы) да табылган.

Соода-өнөр жай палатасынын корутундусу менен кармалган товардын баасы аныкталып, 780 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде (Экономикалык контрабанда) боюнча каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестринин сотко чейинки өндүрүш ишке катталган.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

747