Болгариянын президенти Румен Радев Садыр Жапаровду Болгария менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Ушул салтанаттуу күнү мен кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү жана элдерибиздин, мамлекеттерибиздин ортосундагы байланыштардын өз ара пайдалуу өнүгүшүн кааларымды билдирүүгө кубанычтамын.
Сизге чың ден соолук жана жогорку жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалап, менин эң жогорку урмат-сыйымды кабыл алыңыз”, — деп айтылат Румен Радевдун куттуктоосунда.