7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда алдамчылык менен алектенген 29 жаштагы жаран кармалды

612

Кара-Сууда ишкерлик кылган адам катары өзүн тааныштырып, жарандардын малдарын алып, акчасын бербей жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-май күнү Кара-Суу районунун Ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу районунун жашоочулары арыз менен кайрылып, анда 2022-жылдын март, апрель айларында “А” аттуу жаран мал союп этин сатып ишкерлик кылган адам катары өзүн тааныштырып, арыздануучулардын малдарын алып, акчасын кийин берүүгө убада кылып, бирок ушул күнгө чейин акчаларын бербей жүргөнүн билдирген.

Бул фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, кылмыш иштери козголуп тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Кара-Суу районунун тургуну 29 жаштагы Д.А. аттуу жаран кармалып, Кара-Суу райондук соту тарабынан 20 суткага тергөө абагына камакка алынган.

Тергөонүн жүрүшүндө 8 факты аныкталып, анда жалпы 8 жаранга 1 738 000 сом материалдык зыян келтирилген.

Териштирүү иштери улантылууда.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызмат

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

613