7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыкка кол койду

1176

Президент Садыр Жапаров “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жер жүзүндөгү ар бир улуттук нарк адамзаттын жан дүйнө казынасынын кайталангыс табылгасы болуп саналат. Жалпы адамзаттык нарк улуттук-этникалык маданияттардын көп түрдүү биримдигинен түзүлөт. Жаратылыштагы биоартүрдүүлүк сыяктуу эле адамзат коомундагы социомаданий ар түрдүүлүк да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Улуттук нарк башка элдерге да жакын жана түшүнүктүү болуп, жалпы адамзаттык баалуулуктардын катарына кирет. Ошондуктан ал калктардын, этностордун ортосундагы ынтымак-достукка, өз apa мамилеге шайкешип, бириктирүүчү кызматты аткарган.

Миӊдеген жылдар мурун өз алдынча ээлик түзүп, ага көз карандысыз башкаруу тартибин орнотуп, чоӊ жана кичине элдер менен тең ата мамиле жүргүзүүдө натыйжалуу ийгиликтерге алып келген кыргыз элинин эӊ негизги таянычы жана ишеничи эреже-тартиптерден, жүрүм-турум адебинен, каада-салтынын жыйындысынан куралып, улуттук дүйнөтаанымдарына шайкелишкен улуттук нарк мыйзамы иштелип чыккан. Улуттук нарк кылымдар бою мезгилдин сынынан өтүп, айрым жерлеринде толукталып, бекемделип жүрүп отурган. Нарктын таасири эӊ жогорку деӊгээлге өсүп чыккан, алсак эл арасында “Хан бийлигинен нарк күчтүү”, “Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок” деген накыл сөздөр Айкөл Манас атабыздын доорунда жаралып, азыркы мезгилге чейин өзүнүн күчүн жоготпой келе жатат.

Ошол эле учурда мамлекеттик башкаруу иштерине башка диний ишенимдер жана кызыкчылыктар таӊууланган учурда эл арасында жиктер пайда болуп, ынтымактын ыдырашына кайсыл бир деӊгээлде таасир бере баштаган. Тарых барактары мындай окуялардын бир нечесин тастыктап бере алат. Мамлекеттик башкаруу системасында нарктуулуктун бузулушу ири дөөлөттөрдүн, өлкөлөрдүн урашына алып келген.

Советтик доордо мамлекетибизде мыйзамдуулуктун үстөмдүгү салыштырмалуу түрдө бекем орноп турган мезгилде дагы кыргыз элинин “жазылбаган” каада-салт, нарк мыйзамдары кызуу иштеп, адамдардын, урук-уруулардын ортосундагы мамилелерди теске салууда алардын кенен пайдаланылып келгендиги баарыбызга маалым. Демек, жалпы адамзатка таандык эсептелген мыйзамдарга салыштырмалуу элдин өзү иштеп чыккан нарк системасы маанилүү жана ийгиликтүү жыйынтыктарды жаратып келген.

Азыркы мезгилде элибизге жаӊы көз караштарды, ойлорду сунуштап, эксперимент жүргүзө берүү эмес мезгил сынынан өтүп, элдин көкүрөгүнө уюган улуттук нарктуулукту кайра калыбына келтирүү зарылчылыгы чыгып жаткандыгын белгилейбиз.

Бул сунушталып жаткан улуттук нарк дөөлөтүбүз Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын ырааттуу уландысы катары сунушталып жатат.

Жаны технологиялардын айдыӊы менен ааламдашуунун чеӊгээлине кирип, өзөгүбүздү жана тамырыбызды жоготуп албашыбыз үчүн адилеттүүлүккө жана акыйкаттуулукка негизделген нарктуу коомду куруу үчүн токтом кылынат

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчыс

– коомчулуктун, билим берүү жана илим, маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрүн, бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен 2022-жылды

1-сентябрына чейин Улуттук наркты сактоо жөнүндө улуттук программаны (мындан ары – Улуттук программа) иштеп чыксын жана киргизсин

– Улуттук программаны иштеп чыгууда төмөнкү принциптер эске алынсы

нарк маселесинде диний ишенимдердин жана каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбо

коомго, өлкөгө жан дили менен берилген өрнөктүү, нарктуу жаранды калыптандырууда чөлкөмдүк, этникалык жана материалдык кызыкчылыктардан улуттук аӊ-сезимдин артыкчылыг

нарктуулук бала бакчадан, мектептен, жогорку окуу жайдан жана башка коомдук институттардан эмес үй-бүлөдөн башталарын эске алып, өлкөнүн эӊ негизги ресурсу катары салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуунун артыкчылыг

коомдун нарктуу өкүлүн жана нарктуу мамлекеттик кызматчысын калыптандырууда мамлекеттик тилге жана тарыхый баалуулуктарга өзгөчө көӊүл буру

улуттук нарктуулукту жайылтууда ийгиликтерге жетүү үчүн ар бир муундун физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша методдорду, талаптарды иштеп чыгу

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына төмөнкүлөр сунушталсын.

– салттуу ислам баалуулуктарын жана кыргыз элинин улуттук наркын сактоодо келип чыгуучу түшүнбөстүктөрдү жоюу максатында тиешелүү чечимдерди чыгаруу

– кабыл алынган чечимдер боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзү

Кыргызстан калкы ассамблеясына, коомдук уюмдарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде телерадиоберүү уюмдарына нарктуулукту жайылтуу, нарктуу жаранды жана нарктуу коомдуу куруу жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталсы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга улуттук наркка байланышкан түрдүү багыттагы демилгелерди сунуштоо менен бирге диний ишенимдерге жана улуттук наркка өтө сый-урмат менен мамиле кылууга, ошондой эле нарктуу коомду курууда Кыргыз Республикасынын жарандарына үлгү көрсөтүүсү сунушталсын.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1177