7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жарандык авиациянын башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол коюлду

405

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу, өлкө ичинде жана эл аралык линияларда калкты авиациялык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу максатында, КРнын  Конституциясынын 66, 70 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргызстанда жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүүнүн жана авиациялык каттамды өнүктүрүүнүн маанилүү милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелсин:

– жарандык авиация жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылуу;

– жарандык авиациянын уюмдарынын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун, контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;

– экономиканын жана калктын жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү жана почтаны аба аркылуу ташууга муктаждыктарын канааттандырууга көмөк көрсөтүү, авиациялык атайын иштерди жана жарандык авиация жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн камсыз кылуу;

– коопсуз, үзүгүлтүксүз жана натыйжалуу аба ташуулары, авиациялык атайын иштер, жарандык авиациянын кызмат көрсөтүүлөрүнүн рыногун өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

– жарандык авиация чөйрөсүнө Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарын жана сунуштаган практиканы (мындан ары – ИКАО) киргизүү;

– ИКАО жана жарандык авиация жаатындагы башка эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо;

– Европа Бирлигинин «кара тизмесинен» чыгуу боюнча иш-чараларды өткөрүү, ИКАО эксперттеринин отчетторунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, учуу коопсуздугуна байланышкан ИКАОнун бардык стандарттарын, тиешелүү жол-жоболорду аткаруу, нускамалык материалды жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуунун негизделген практикасын колдонуу;

– жарандык авиациянын аба каттамдары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен келип чыгуучу милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу;

– жарандык авиация жаатында экономикалык, илимий-техникалык жана инновациялык саясатты ишке ашыруу;

– жарандык авиацияда атаандаштыкты өнүктүрүү жана жарандык авиация уюмдары көрсөтүүчү кызматтарды пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргоо;

– КРнын жарандык авиациясын өнүктүрүүгө багытталган чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

– эл аралык жана ички багыттарда жаңы аба каттамдарынын линияларын ачуу;

– туризмди өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын курорттук зоналарына ички авиарейстерди уюштуруу;

– ички үзгүлтүксүз жүргүнчү рейстерди аткарууну камсыз кылуучу жергиликтүү аэропорттордун инфратүзүмүн өнүктүрүү.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги) түзүлсүн.

3. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп Настаев Александр Иванович дайындалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын

5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

«– Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги».

5. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөргө жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат деп аныкталсын:

– Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;

– жарандык авиация уюмдарынын ишин жөнгө салууга, жарандык авиацияны жана аба транспортун стратегиялык өнүктүрүү боюнча документтерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;

– жарандык авиация уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, жарандык авиация жаатында улуттук стандарттардын жана ИКАОнун стандарттарынын сакталышын координациялоого, көзөмөлдөөгө жана контролдоого;

– жарандык авиация жаатында ИКАОдо жана башка эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын көрсөтүүгө жана коргоого;

– учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу, жарандык авиациянын персоналын даярдоо маселелери жана жарандык авиация жаатындагы башка аспекттер боюнча чет мамлекеттердин тийиштүү органдары менен өз ара аракеттенүүгө.

6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин карамагына тиешелүү штаттык, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:

– жарандык авиацияны башкаруу, анын ичинде жарандык авиацияны өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу, жарандык авиацияга байланыштуу ишти жүргүзүүчү окуу жайларын, окуу курстарын башкаруу менен байланышкан функцияларды;

– «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасын;

– И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтун.

7. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги:

1) өзүнүн түзүмүндө өнүктүрүү стратегиясынын, авиациялык тейлөөнүн коопсуздугунун маселелерин тескеген түзүмдүк бөлүмдөрдү жана жарандык авиациянын башкаруу органдарына карата эл аралык талаптарда каралган башка зарыл болгон бөлүмдөрдү карасын;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна төмөнкүлөрдү киргизсин:

– эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобонун долбоорун жана башкаруу схемасын;

– эки айлык мөөнөттө өлкөнүн ичинде, анын ичинде горизонталдуу, ар кайсы региондордогу калктуу конуштардын ортосунда ташууларды (чакан авиация), чек аралык, региондук, өлкөлөр аралык, ошондой эле алыскы эл аралык багыттагы эл аралык линияларды кескин түрдө аймактык кеңейтүүнү караган Кыргыз Республикасында авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча иш пландын долбоорун;

 

– үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, Кыргыз Республикасында жарандык авиациянын иштешин жана өнүгүшүн башкаруунун жаңы, кеңири милдеттерин аткарууну камсыз кылган башка ченемдик укуктук актыларга зарыл өзгөртүүлөрдүн долбоорлорун;

3) зарыл чараларды көрсүн, анын ичинде ИКАО, Учуулардын коопсуздугу боюнча Европа агенттигинин жоболорунда каралган мөөнөттөргө ылайык бул уюмдар менен Европа Бирлигинин «кара тизмесинен» Кыргыз Республикасын чыгаруу боюнча, ошондой эле авиация кадрларын сертификаттоо, көзөмөлдөө жана окутуу функцияларын ишке ашырууда Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.

8. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине төмөнкүдөй ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин:

– Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин сакталышын көз карандысыз сертификаттоо үчүн ведомстволук «Авиасервис» мамлекеттик ишканасын түзүү, жоюу, кайра түзүү;

– жогоруда аталган мамлекеттик ишкананын Уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү.

9. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык иш спецификасын жана кызматкерлердин квалификациясынын деңгээлине карата өзгөчө талаптарды эске алуу менен Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги үчүн контракттык негизде мамлекеттик кызматка кирүүгө өзгөчө (конкурстан тышкары) тартип белгиленсин.

10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобону жана башкаруу схемасын бекитсин;

– сертификаттоону жүргүзүү, сертификаттарды, уруксаттарды, күбөлүктөрдү берүү, узартуу же өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле тиешелүү арыздарды кароо жана корутундуларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын уюмдарынан алынуучу атайын каражаттарды алуунун жана чыгымдоонун тартибин аныктасын;

– Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аэродромунда чакан авиациянын биргелешкен жайгашуусун уюштуруу маселесин чечсин;

– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

406