7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Концерт коюуга бара жаткан”. Кыргызстандык рэпер Bakrды Орусияга киргизбей койду

224

Шереметьево аэропортунда кыргызстандык рэпер Bakr аты менен таанымал Ислам Закировду Орусияга киргизбей коюшту. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жарыялады.

Музыканттын айтымында, аны коопсуздук кызматкерлери аэропортто үч саатка жакын кармашкан. Андан кийин анын документтери кайтарылып, ага кирүүсүнө тыюу салуу тууралуу эскертүү берилген. Чек ара кызматынын өкүлдөрү мындай чечимдин себептерин ачыктаган эмес.

Орус бийлиги буга чейин Бакрды (Ислам Закиров) Росфинмониторинг агенттигинин террорчулар жана экстремисттер тизмесине кошкон. Бул анын өлкөгө кирүүгө тыюу салууларына байланышы бар же жогу расмий түрдө айтыла элек.

Ырчы Москва, Казань, Санкт-Петербург, Уфа шаарларында концерт коюуну пландап, командасы менен бара жаткан.

Ал окуя боюнча түшүндүрмө алууга ниеттенип жатканын билдирди.

225