2021-жылдын 10-январы Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт.
Өлкөбүздүн тагдырын чечүүчү дал ошол саясий иштин алдында Кыргызстандагы
бир катар коомдук жана спорттук уюмдар, коомдук ишмерлер өз сөзүн айтып,
мамлекетибиздин жаркын келечеги, гүлдөп-өсүүсү үчүн Садыр Жапаровдун
талапкерлигин колдоону чечишти.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелгендердин кайрымдуулук фондунун
өкүлдөрү талапкердин башкы штабына келип, Садыр Жапаровдун талапкерлигин
колдоолорун айтышты. Алар Садыр Жапаров президент болуп шайланып калса,
коомдун аялуу катмары болгон дал ушул мекендештерибиздин жеңилин жерден,
оорун колдон аларына бекем ишенишет.
“Ал чыныгы мекенчил адам. Биздин Садыр Нуркожоевичке 100 пайыз ишенебиз.
Акыйкатсыздыктын азабын тарктан адам эч качан жаман иштерге барбайт. Ал
тарыхта элдик президент катары атын таза сактап калат. Анткени биринчи жолу
тарыхта карапайым эл өз талапкерин көтөрүп чыгууда. Ошондуктан Садыр
Жапаровду колдоого алышыбыз керек”
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы этникалык жамааттардын өкүлдөрү да
Садыр Жапаровду колдоону чечишти. “Кыргызстандагы саясий жана
экономикалык туруктуулук үчүн, Кыргызстан элинин биримдиги үчүн Садыр
Жапаровго добуш берүүгө чакырабыз” – дейт баарынын атынан татар
жамаатынын башчысы Халим Шакиров. Караколдогу башка этникалык топтордун
өкүлдөрү да С. Жапаровду колдоого алышты.
“Баткен Согушунун ардагерлеринин республикалык кеңеши” коомдук бирикмеси да
Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдошту.
“Садыр Жапаров премьер-министр болгон бир айда өлкөгө эл эңсеген көп
жаңылыктарды киргизди. Жалтактабай чечкиндүү кадамдарга барды. Мисалы,
коррупционерлерге кылтак салды. Коррупционерлердин алды болгон Раим
Матраимовду кармап, аны кустуруп жатат. “Президент болуп калсам, дагы көп
коррупционерлер жазаланат, коррупцияга каршы күрөш уланат” — деп жатпайбы.
Мына ушундай аракеттеринен улам биз Садыр Жапаровду колдоону туура көрдүк” –
дейт бирикменин төрагасы Канат Бакалов.
Элдик талапкерди таэквон – до ИТФ федерациясы да колдоп чыкты. “Барыбыз
тартиптин болушун каалайбыз. Ушундай өйдө-ылдый белгисиздиктен тажадык
чынында. А Садыр Жапаров болсо, ушундай кырдаалды жөнгө салам деп жатпайбы?
Бул анын ар бир сүйлөгөн сөзүнөн, жасаган аракеттеринен ачык байкалып жатат.
Эл да аны колдоого алып жатканы ачык эле көрүнүп калды” – дейт федерациянын
президенти Нуриса Мамбеталиева. Анын кесиптеши Ринат Токтоев дагы Нуриса
айымдын айткандарын колдоого алып, “Мен эски саясатчыларга ишенбей калдым.
Менин жарандык позициям жана тандоом – бул Садыр Жапаров. 10-январь күнү дал
ушул киши үчүн шайлоого барам” – деди.
Аткаруучу: « ____7tv.kg___ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 53;
. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
2020-жылдын 25-декабрьда даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).