Кооперативдерге бириккендер жеңилдетилген насыяларды жеңил ала алышат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
«Агробизнемендер биригип кооператив түзгөндө алар жалпы ресурстарды колдонушуп, техника, үрөн, жер семирткичтер, сугат жабдуулары, күйүүчү майлоочу майларды арзан баада ала алышат. Андан сырткары, өндүргөн продукцияны сатууда күчтүү болушуп, продукцияны чоң көлөмдө, жакшы баада сата алышат. Арзан, жеңилдетилген насыяларды алууда чоң көйгөй жаралбайт. Эгерде мурда жалгыз агробизнесмен өндүргөн продукциясынын бир килограммынан 5 сомдук пайда таап келсе, биригип иш алып барууда анын кирешеси 25-30 сомго чейин жогорулайт», — деп айтылат маалыматта.
Биригүүнүн кандай артыкчылыктары бар?
- Жер менен биригүүдө дыйкандардын ири жер аянты пайда болуп, чакан жерлерди бириктирүү менен чоң, механизацияга ылайыктуу айдоо жерлери түзүлөт. Техникалар натыйжалуу иштей баштайт. Себеби, чоң жерге комбайн, трактор сыяктуу техникаларды колдонуу оңой жана жеңил. Аны менен бирге ири көлөмдөгү өндүрүш пайда болот. Бул бааны көтөрүүгө же экспортко чыгууга шарт түзөт. Ошондой эле, жер менен биригүүдө агробизнесмендер жерди рационалдуу пайдаланып, бир бөлүгүнө дан эгиндерин, экинчи бөлүгүнө жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдү башка бөлүгүнө дагы бир пайда алып келе турган продукцияны өндүрүүгө мүмкүн.
- Өсүмдүк (культура) менен биргелешип иш алып барганда бир түрдүү өсүмдүктү өстүрүүдө анын технологиясы жакшы өнүгөт. Сатып алуучуларга жагымдуу шарт түзүлөт жана агробизнесмендерди экспорттук потенциалы жогорулайт. Экспорттук потенциал жогорулаган сайын агробизнесмендер кирешеге гана иштей башташат. Мисалы, бир айыл толугу менен сабиз же картошка өстүрсө, сатып алуучулар ошол жерге түз келип, өндүрүлгөн продукцияны сатып алууга жакшы шарттар түзүлмөкчү. Ошондой эле продукцияны жеткирүү, сактоо оңой болот. Бир өсүмдүктүн бир түрү гана болгондуктан болгондуктан логистика да жөнөкөйлөшөт.
Ошондуктан, эгерде заманбап кыргыз агробизнесмендери чыгашаны азайтып, кирешеге иштегилери келсе, сөзсүз түрдө биригип иш алып баруу жакшы натыйжаны бере тургандыгын билип алуулары зарыл.