7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Коопсуз шаар» долбоорунан 5 айда бюджетке 243,8 млн сом түштү

733

2023-жылдын 5 айында «Коопсуз шаар» долбоорунан республикалык бюджетке 243,8 млн сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

«КРнын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө» мыйзамындагы «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин экинчи этабын ишке ашырууну эске алуу менен 900 млн сом өлчөмүндө финансылык каражат каралган.

Каралган каражаттардын ичинен Санариптик өнүктүрүү министрлигине министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, подрядчы «Вега Оперейтинг Компани» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдерге жана 2022-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары жана 2023-жылдын январь айлары үчүн берилген салыштыруу актысына ылайык эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн 45,6 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

734