7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коопсуздук эрежелерин сактабаган компаниянын иши токтотулду

264

Кечээ, 28-сентярбрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев пландан сырткары Бишкек шаарындагы курулуш объектилерин кыдырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Пландан сырткары кыдыруу учурунда Москва көчөсү 120 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн курулушунда техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы жана курулуштун мыйзамдарына ылайык объектинин паспорту сыртка илинбегендиги аныкталды.

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Even KZ” курулуш компаниясына айып салынып, курулуш иштери убактылуу токтотулду.

Адамдын өмүрү үчүн курулуш объектисинде техникалык коопсуздук эрежелери толук сакталууга тийиш экенин Курулуш министрлиги эскертет.

265