Бишкек шаарындагы Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккандар Баткен облусундагы чек араны коргоо үчүн аларга курал-жарак берүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мындай талаптарды аткаруу мүмкүн эместигин, анткени мындай иш оор кесепеттерге алып келерин белгилейт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү уланууда. Ошондой эле чек ара түзүмдөрүнүн эки жетекчиси Тажикстандын аймагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.