7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коопсуздук кеңешинин катчысы Москвада коопсуздук маселелери боюнча жыйынга катышты

192

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Москва шаарында өткөн коопсуздук маселелерин тескеген жогорку өкүлдөрдүн XIII жыйынына катышты.

Пленардык жыйындын күн тартибинде Глобалдык Түштүк жана Чыгыш мамлекеттери үчүн азыркы чакырыктардын жана учурда бар мүмкүнчүлүктөрдүн контекстинде бирдей жана бөлүнгүс коопсуздук архитектурасын түзүү маселелери талкууланды.

Бактыбек Бекболотов өз сөзүндө Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарынын катарына салттуу жана жаңы коркунучтарга каршы туруу боюнча түйүндүү маселелерди чечүүдө өнөктөштөр менен бирдиктүү ыкмаларды табуу, ошондой эле аларга каршы алдын алуу жана жооп кайтаруу чараларын иштеп чыгуу, БУУ менен жигердүү өз ара аракеттенүү жана бул жаатта достош интеграциялык бирикмелердин ар кандай форматтарында иш алып баруу кирерин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында ШКУ мамлекеттеринин жана КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын бейрасмий көп тараптуу жолугушуулары да өттү.

Мындан тышкары, коопсуздук тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Бактыбек Бекболотов бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрдү.

193