Өлкөдө 18-ноябрга карата коронавирус дагы 62 адамдан аныкталып, бир суткада 92 адам илдеттен сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.
- Бишкек шаарында – 17,
- Чүй облусунда – 17,
- Ош облусунда – 11,
- Талас облусунда – 1,
- Ысык-Көл облусунда – 9,
- Жалал-Абад облусунда – 2,
- Баткен облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган.
Пандемия башталгандан бери 182 миң 667 адам коронавирус жуктуруп алган.