Өлкөдө 12-ноябрга карата коронавирус дагы 107 адамдан аныкталып, 105 адам илдеттен сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, бир суткада эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.
- Бишкек шаарында – 64,
- Чүй облусунда – 20,
- Талас облусунда – 2,
- Ысык-Көл облусунда – 10,
- Жалал-Абад облусунда – 5,
- Баткен облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган.
Пандемия башталгандан бери 182 миң 197 адам коронавирус жуктуруп, алардын ичинен 176 миң 615 киши айыгып чыкса, 2 миң 699 адам каза болду.