Өлкөдө 30-декабрга карата коронавирус дагы 41 адамдан аныкталып, 48 адам илдеттен сакайып чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, бир суткада , бир бейтап каза болду.
- Бишкек шаарына – 24,
- Ош шаарына – 1,
- Чүй облусунда – 4,
- Ош облусунда – 4,
- Талас облусунда – 1,
- Ысык-Көл облусунда – 5,
- Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.
Пандемия башталгандан бери 184 миң 633 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 778 киши айыгып чыкса, 2 миң 800 адам каза болду.