7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коронавирус илдетинен сутка ичинде 327 жаңы учур катталып, 1 бейтап каза болду

399

Бир суткада өлкө боюнча дагы 327 жаран коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы тастыкталды. Муну менен республикада илдет катталган күндөн бери жабыркагандардын саны жалпы 76 миң 718 болду. Бул тууралуу репсубликалык штабдан кабарлашты.

Бишкек шаары — 113;
Ош — 10;
Чүй облусу – 45;
Ош облусу — 18;
Талас облусу — 13;
Нарын облусу — 6;
Ысык-Көл облусу – 69;
Жалал-Абад облусу – 33;
Баткен облусу — 20.

Ал эми акыркы суткада коронавирус илдетин 447 бейтап жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

Бишкек шаары – 123;
Ош шаары – 22;
Чүй облусу – 118;
Ош облусу – 39;
Талас облусу – 11;
Нарын облусу – 6;
Ысык-Көл облусу – 42;
Жалал-Абад облусу – 44;
Баткен облусу – 42.

Республикада илдетти жеңгендердин жалпы саны 69 миң 341ге жетти.

Акыркы сутка ичинде өлкөдө коронавирус инфекциясынан жабыркап жаткан бейтаптардын бири каза болду. Республикалык штабдан кабарлашкандай, өлүм Жалал-Абад облусунда катталды.

Муну менен өлкө боюнча илдеттен каза болгондордун саны жалпы 1 миң 307 болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

400