28-августка карата коронавирустан 6 бейтап каза болуп, 371 бейтап илдеттен сакайып чыкты. Акыркы бир сутка ичинде 215 адамдан коронавирус аныкталган.
- Бишкек — 66;
- Ош шаары — 2;
- Чүй облусу – 53;
- Ош облусу – 3;
- Талас облусу — 14;
- Нарын облусу — 4;
- Ысык-Көл облусу – 38;
- Жалал-Абад облусу – 22;
- Баткен облусу — 13.
Ушуну менен оорудан каза тапкандардын жалпы саны 2513 адамга жетти.
Былтыр март айынан бери өлкөдө — 175 224 адам коронавирус жуктуруп, 168 769 киши айыгып чыккан.