7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн бюджеттен 2,4 миллиард сом каралган

512

2021-жылга республикалык бюджеттин мамлекеттик бюджет резервинде коронавируска каршы күрөшүүгө 2,4 миллиард сом каралган. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, каражат күтүлбөгөн чыгымдарды жабууга, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаал олуттуу начарлап кеткен учурда каржыланууга багытталган.

Кошумчалай кетсек, өкмөттүн 2021-жылдын 14-январындагы токтому менен Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги медкызматкерлерине жана кызыл зоналарда иштеген жарандарга компенсациялык төлөмдөрү үчүн 500 миллион сом бөлүүнү караган.

«Экономика жана каржы министрлиги коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө иш-чараларынын алкагында өнүгүү боюнча өнөктөштөргө (эл аралык донорлорго) COVID-19га каршы эмдөө үчүн каражат бөлүү үчүн долбоордук билдирмелерди жөнөтүүдө. Өкмөт COVID-19га каршы күрөшүү үчүн каражат чогултуу жаатында донорлор менен ишти күчөтүү милдетин койду», — деп билдирди министрлик.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

513