7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коррупцияга шектелип 23 мамлекеттик кызматкер кармалды

345

Мамлекеттик салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жана Транспорт министрлигине караштуу Салмак-габариттик көзөмөл инспекциясынын кызматкерлери кармалды. УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, алар товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнөн мыйзамсыз алып өтүүдө жасалма коштомо документтерди колдонушкан.

Көзөмөл органдарынын кызматкерлери «талкачтар» менен сүйлөшүп алып, товарлардын көлөмү жана наркын бурмалап көрсөтүшкөн. Акчалай сый акы накталай жана «М-Банк» электрондук капчыктары аркылуу берилген.

2025-жылдын 24-сентябрында жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында:

  • Мамлекеттик салык кызматынын 7 кызматкери,
  • Чек ара кызматынын 6 кызматкери,
  • Транспорт министрлигинин 4 кызматкери,
  • Айыл чарба министрлигинин 6 кызматкери жана бир катар «талкачтар» кармалды.

Алардын бардыгы Кыргыз Республикасынын КЖКнын 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө иштери уланууда.

346