7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кримтөбөл «Женго» кайра камакка алынды

743

Башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга байланышкан оор кылмыштарды жасаган деп айыпталган криминалдык авторитет К. Досоновго карата тергөө иштери аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө аяктагандан кийин бул кылмыш ишин кароо үчүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна жөнөтүлүп, анын чечими менен үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында К. Досоновго карата баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылган.

Ошону менен бирге, үстүбүздөгү жылдын 24-декабрында төрагалык кылуучу алмашкандыгына байланыштуу, К. Досоновго карата мурда кабыл алынган чечим каралып, жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө өзгөртүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

744