Өлкө башчы Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө.
Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, мамлекеттик органдардын, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышууда.
Жыйында министрлер кабинетинин 2021-жылдагы аткарган ишинин отчёту угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы каралат.
Ошондой эле, жыйынга Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова, Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов ж. б. катышып жатат.