7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
97,28
EUR 0,00%
1,12
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-1°C

Жаңы жылда кыргызстандыктар 9 күн эс алат

482

Жаңы жылдан кийин кыргызстандыктар 9 күн эс алат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин кеңешмесинин жүрүшүндө чечим кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, жумасына беш күндук график боюнча иштеген республика жарандары үчүн 2022-жылдын 1-9-январы жумушчу күнү эмес экендиги жарыяланды.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күнү — 2022-жылдын 4-январындагы иш күнүнө (тийиштүү түрдө 15-январь 4-январдын ордуна иш күнү болуп саналат), 2022-жылдын 26-февралындагы дем алыш күнү — 2022-жылдын 5-январындагы жумуш күнүнө, 2022-жылдын 26-мартындагы дем алыш күнү 2022-жылдын 6-январындагы жумуш күнүнө жылдырылды.

Белгилей кетсек, 1, 5 жана 9-май да майрам күндөрү болуп саналат, ал эми Орозо айт майрамы май айынын биринчи күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 1-майдан 9-майга чейинки мезгилди жумушчу күн эмес катары жарыялоо сунушу киргизилди.

2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу Министрлер Кабинетинде 23-февраль, 7-апрель, 7 жана 8-ноябрдын макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу маселеси да каралууда.

Ошондой эле Акылбек Жапаров белгилегендей, май майрамдарын жылдыруу тууралуу акыркы чечим 2022-жылдын I кварталында кабыл алынат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

483