7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КРнын эмгек сиңирген артисти Абас Чикеев дүйнө салды

608

27- январда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу жана диктор Абас Чикеев оорудан улам дүйнө салды.

Ал Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында 1947-жылы 21-июлда туулган.

1963-жылы Республикалык Эл чыгармачылыгы үйүнүн аккордеончулар курсун бүтүрүп, 1964–1967-жылдары М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган.

1967–1969-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1969-жылы радиодо диктор, 1971-жылы Ысык-Көл радио-телеберүүсүндө башкы диктор болуп иштеген.

1977-жылы Бүткүл Союздук радио уктуруу боюнча телерадио кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу институтунун Ташкендеги филиалында дасыгын жогорулатып, ошол эле жылы Кыргыз телерадиокорпорациясына радионун диктору жана телерадиосунун оркестрине жана хоруна солист болуп которулган.

1980–1985-жж. Кыргыз мамлекеттик орус тили жана адабияты педагогикалык институтунан, 1986–1991-жж. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан билим алган.

Обончулар М.Рыскулбековдун «Чын эле мен сени таптымбы?», «Жаштыгым сен кайда кеттиң», К.Осмоновдун «Энекебай», «Тоолук кыз», М.Акматовдун «Баратабыз каякка», «Ак сүйүүмдү булгаба», Т.Казаковдун «Күйдүргүм», «Эстелик», А.Нурманбетовдун «Табияттын көркү сен» ырларын аткарган.

Бир катар КМШ өлкөлөрүндө чыгармачылык сапарда болуп, Бүткүл Союздук кароолордун бир нече жолку лауреаты жана Ардак грамоталар менен сыйланган. 1991-жылы

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган.

7-каналдын жалпы жамааты жакындарына көңүл айтат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

609