7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КРСУга абитуриенттерди кабыл алууда коррупциялык схема аныкталды

533

Бишкектеги «Б.Н. Ельцин» атындагы Кыргыз-Орус Славян университетине (КРСУ) абитуриенттерди кабыл алуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери бир нече жылдар бою ЖОЖдоруна абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун учурдагы эрежелерин кыйгап өтүп, бюджеттик окуу жайларына мыйзамсыз студенттерди кабыл алууну уюштуруп келгени аныкталган.

Кыргызстандын менен Россиянын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, жыл сайын Россиянын жарандарынын ичинен 50 студент КРСУнун гранттык орундарына кабыл алынып, алардын билим алуусу Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин эсебинен төлөнүп келет.

«Бирок министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери акчалай сыйлыкка Кыргызстандын жарандарынын арасынан республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алган абитуриенттерди аталган орундарга киргизишип турган. Бул кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында министрликтин Жогорку, орто жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын мурдагы начальниги «А.Г.М.» жана КРСУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы «Л.Т.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

534