Бүгүн, 2-августта кыргызстандык спортчулар Денис Петрашов менен Кубанычбек Айбек уулу Париждеги Олимпиада оюндарынан Кыргызстанга кайтып келишти.
Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу 66 кг салмак категориясында 1/16 финалда украиналык спортчуга жеңилип калганын, мындан ары да ийгиликтерге жетишүүгө умтула берерин белгиледи.
“Бизден алтын күтүштү, бирок жеңишке жетишпей калдык. Даярдык жакшы болчу, колдон келген аракетимди жасадым. Кетип жатканда даярдыктар жакшы болчу. Кыргызстандыктар бизди колдоп, президент Садыр Нургожоевич өзү узатып, бизден алтын күткөн”, — деди спортчу.