7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп дайындалды

437

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргызстандын өкүлү — Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун Башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү чечим бүгүн Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Уюмдун Саммитинин жүрүшүндө кабыл алынды.

Кубанычбек Өмүралиев буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Анкара шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта Кыргызстандын Израилдеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын ээлеген.

Уюмдун башкы катчысы үч жылдык мөөнөткө шайланат. Буга чейин бул кызматты Х.Акынжы (Түркия), Р. Гасан (Азербайжан), Багдад Амреев (Казакстан) ээлеп келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

438