Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө. Жыйында депутат Кундузбек Сулайманов кулаган тик учакты калыбына келтирүү үчүн мамкызматкерлердин бир күндүк маянасын котортууну сунуштады.
Сулайманов бул каражатка Ми-8ди оңдоп же жаңысын алуу керектигин айтты. Акчанын бир бөлүгүн каза болгон учкучтун үй-бүлөсүнө, жаракат алгандарга жардам катары берүүгө чакырды.
Ал депутаттарды дагы бир күндүк айлыгын бөлүүнү демилгеледи.