7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кулак, мурду кескиленген келин: Эшикти бекиткенге жетишпей калдым…

461

36 жаштагы Асел Ногойбаева кулак-мурду кескиленген абалда 20-сентябрда ооруканага түшкөн. Бул ишти анын мурдагы күйөөсү жасаганы, кийин ал камакка алынганы маалым болгон. Учурда Аселдин абалы туруктуу. Ал каргашалуу окуя тууралуу Super.tv телеканалына айтып берген.

«Абалым биринчи күнгө караганда жакшы. Сууну түтүк менен иче да алчу эмесмин. Жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдиремин. Жардам бергенине өтө ыраазымын. Кыргызстанга келген күндөн баштап, коркутуулар башталган. Көчөдөн кыйкырып, сөкчү. Ошондо эле укук коргоо органдарына кайрылгам. Ыйлап баргам. Коргоо ордерин беришти. Мен жашаган жерден эле кармап, зордуктап салды. Сүйлөшүп эле баш кошконбуз. Анда мен 19 жашта болчумун. 12 жылдан ашык жашадык. Ажырашып, Италияга кеттим. 3,5 жыл иштедим. Мурда деле тынчымды алып, үйгө чейин келип жүрчү. Ошол иш болорго чейин 2 күн мурун келип, эшикти тарсылдатып жаткан. Ал күнү милиция алып кеткен. Ошол күнү күндөгүдөй туруп, кийинип-даярданып үйдөн чыккан атканбыз. Уулум кеткенден 10 мүнөттөн кийин кичүү уулум экөөбүз чыгып кетчүбүз. Мен чачымды тарап жаткам. Эшик ачылды. Баттан басып кирди. Жуунуучу бөлмөнүн эшигин бекиткенге жетишпей калдым. Башыма 2 жолу урду. Сөз сүйлөгөн жок», — деген ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

462