7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Куланак ГЭСин куруу долбоору ишке ашырыла баштады

655

«Нарын» өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомуна өздүк каражаттарынын эсебинен Нарын облусунун Нарын районундагы Нарын дарыясында «Кубаттуулугу 100 МВт белгиленген «Куланак» ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо» долбоорун ишке ашыруу укугу берилди. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Маалыматка ылайык, Куланак ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө багытталган.

Долбоордук-сметалык документация боюнча Куланак ГЭСин куруу мөөнөтү 4 жылды, ал эми тосмонун  бийиктиги 27 метрди түзөт.

Куланак ГЭСин куруу долбоору «Ленгидропроект» АК тарабынан иштелип чыккан — гидроэнергетика жана суу чарба курулуштарын долбоорлоо жана өзгөчө татаал геологиялык аймактарда жана климаттык шарттарда гидротехникалык курулуштарды долбоорлоо жана курууну көзөмөлдөө боюнча кызматтардын толук комплексин көрсөтүү чөйрөсүндөгү эң эски орус долбоорлоо — изилдөө институту.

Белгилей кетсек, Нарын дарыясында жалпы орнотулган кубаттуулугу 6, 2 ГВт чейин болгон 30га чейин ГЭСти курууга болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

656