7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын иши менен таанышты

569

Жогорку Кеңештин депутаттары, бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү Улуттук банктын иши менен таанышты. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаттарына Улуттук банктын акча-кредит саясатын жүзөгө ашыруу, финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөөөлкөнүн төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу сыяктуу негизги функциялары жана милдеттери жөнүндө маалымат берилди, ошондой эле банк мыйзамдарын КРнын Конституциясына ылайык келтирүүнүн алкагында Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталган мыйзам долбоорлору тууралуу маалымдалды.  

Улуттук банктын төрагасы К.Боконтаев өз сөзүндө акыркы мезгилде дүйнө жүзүндө орун алган геосаясий тобокелдиктердин жогорулашынан улам, жагымсыз жагдайдын сакталып турушуна байланыштуу акыркы окуялар коомчулуктун Улуттук банктын ишине өзгөчө кызыгуусун жараткандыгын белгиледи. Көрсөтүлгөн шарттар өлкөдөгү ички экономикалык процесстерге, анын ичинде керектөө бааларынын динамикасына тышкы чөйрөнүн терс таасири үстөмдүк кылган факторлордон болуп саналат.  

Иш-чаранын алкагында депутаттар акча-кредит саясаты жана инфляциянын монетардык тобокелдиктерин ооздуктоо ыкмалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча суроолоруна Улуттук банктын өкүлдөрүнөн толук жооб алышты.  

Комитеттин төрагасы Д. Толонов учурда орун алып турган геосаясий кырдаалда тышкы финансы рынокторунда Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын маанилүүлүгүн белгилеп, Улуттук банк алдында финансы-банк тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле өлкөнүн финансылык мекемелерине калктын ишенимин сактап калуу боюнча жооптуу милдет турат деп кошумчалады.  

Жолугушуунун соңунда Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын аймагында жүгүртүүдөгү акча белгилери жана монеталар, ошондой эле тарыхий жана нумизматикалык баалуулукка ээ башка баалуулуктар сакталган, Улуттук банктын нумизматикалык музейинде болушту. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

570