7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен жолугуп, санкция, виза жана миграция тууралуу сүйлөшүштү

152

26-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Ж. Кулубаев кыргыз тарап АКШлык инвесторлорду жана жаңы технологияларды тартууга кызыкдар экенин айтып, бул үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде, америкалык тарап өз ара кызыкчылыктарга жооп берген багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө берилгендигин ырастады.

“Тараптар ошондой эле санкциялык, визалык жана миграциялык маселелерди карап чыгышты. Министр Ж.Кулубаев санкцияларга карата тең салмактуу мамиле зарылдыгын жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул маселелер боюнча үзгүлтүксүз байланыштарды сактоонун зарылдыгы билдирилди”, — деп берилет маалыматта.

Андан сырткары, тараптар аймактык кызматташуунун келечегин талкуулап, «С5+1» форматындагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана алдыдагы иш-чаралар тууралуу пикир алмашты.

153