Бүгүн, 8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, «Кумтөр» маселеси боюнча жасалып жаткан иштер боюнча маалымат берди.
Ташиев, «Кумтөр» боюнча баардык документтер каралып, анализ жасалганын айтты.
- 1992-94-жылдар аралыгындагы иштер боюнча; ( «Камеко» компаниясы менен түзүлгөн келишимде мамлекеттин кызыкчыгын коргобогондугу үчүн)
- Кыргызстандын туңгуч Президенти — Аскар Акаев менен «Камеко» компаниясы менен келишим түзүүгө жардам берген Бирштейнге издөө жарыяланды.
- Мурдагы Премьер-министрлер Чыңгышев, Жумагулов, «Кыргызалтындын» мурдагы президенти Сарыгуловдор айыбын моюнуна алып, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен жоопкерчиликтен бошотулган.
- 2003-жыл. Кыргыз Өкмөтүнүн Кумтөрдөгү үлүшү 25,7 % га кыскарып кетиши боюнча. (Коррупция фактысы боюнча)
- Мурдагы Президент Аскар Акаевге издөө жарыяланды.
- 2009-жыл. Коррупциялык иш боюнча
- Игорь Чудинов — мурдагы премьер-министр — кылмышын моюнуна алып, кылмыш иши токтотулган,
- Жакыпов — «Кыргызалтын» ААКнын мурдагы төрагасы — кылмышын моюнуна алып, кылмыш иши токтотулган,
- Курманалиев — Мамлекеттик геология кызматынын директору- издөө жарыяланган,
- Елисеев — «Кыргызалтын» ААКнын мурдагы төрагасы -издөө жарыяланган,
- Сазанов — Канадалык компаниянын өкүлү- издөө жарыяланды,
- Максим Бакиев — мурдагы Президент Курманбек Бакиевдин баласы — издөө жарыяланды.
- Курманбек Бакиев- Мурдагы Президент -издөө жарыяланды.
- 2012-жыл. Центерра компаниясы менен тузулгөн келишимде мамлекеттик кызыкчылыгын коргобогону үчүн, Коррупция фактысы боюнча…
- Асылбек Жээнбеков — ЖКнын мурдагы төрагасы, учурдагы депутаты — убактылуу кармоочу жайда,
- Төрөбай Зулпукаров — ЖКнын депутаты -убактылуу кармоочу жайда,
- Өмүрбек Бабанов — Мурдагы өкмөт башчы — убактылуу кармаоочу жайда,
- Данияр Нарынбаев — мурдагы Президенттик аппараттын жетекчиси -убактылуу кармоочу жайда,
- Исхак Пирматов — ЖКнын депутаты -убактылуу кармоочу жайда,
- Талант Узакбаев — ЖКнын мурдагы депутаты- үй камагына чыгып тергөө менен иштешүүгө макулдук берди,
- Алмаз Батырбеков — ЖКнын мурдагы депутаты — үй камагына чыгып тергөө менен иштешүүгө макулдук берди,
- Динара Молдошева — тергөө менен иштешүүгө макулдук берди.
- 2014-2017 жылдар.
- Тайырбек Сарпашев — Мурдагы биринчи вице-премьер-министр -үй камагына чыгып тергөө менен иштешүүгө макулдук берди,
- Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен ошол учурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдор боюнча иликтөө иштери уланууда. 500 млн АКШ долларын коррупция жолу менен чыгарып кетүү фактысы каралууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram