7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумтөр чет элдик адистерин жергиликтүү кадрлар менен алмаштырууда. Жаңы комиссия текшерүүгө барды

782

Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн жаңы мамлекеттик комиссия 19-мартта өндүрүш жайынын абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралу  парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта “Кумтөр Голд Компани” ишканасында 4100дөн ашуун адам иштейт. Алардын 98,5%ы Кыргызстандын жарандары. Андан тышкары, комиссия барган учурда компанияда иштеген чет элдик адистерди ырааттуу түрдө жергиликтүү кадрлар менен алмаштыруу аракети жигердүү жүргүзүлүп жатканы айтылды”-деп жазылат.

Мындан сырткары, жумушчулар бир мөөнөттө 12-18 саат иштеп жаткандыгы ачыкталган.  Комиссия мүчөсү депутат Эрмамат Тагаев жумушчулардын иш убактысын 6 саатка кыскартууну сунуштап, кызматкерлердин саламаттыгы башкы орунда экенин жүйө келтирди.

Комиссия мүчөсү Айнуру Алтыбаева 7tv.kg сайтына кен казуу шахталарындагы уулуу заттарды сактоо, экологиялык коопсуздук боюнча маселелер, мурдагыга салыштырмалуу жолго коюлуп калгандыгын айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

783