Жалал-Абад облусунда Сузак — Кара-Дарыя жолунда жүрүп бара жаткан унаанын үстүнө таш кулады. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда видео тарады.
Камера артында видеого тартып жаткан адам: «Ушул таш машинанын үстүнө түшүптүр. Айдоочу жакшы болсо экен. Менимче таш башына түшкөн окшойт», — дегенин угууга болот.