Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз мамлекеттик филармониясында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын 30 жылдыгы белгиленүүдө.
Салтанаттуу иш-чара президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жатат.
Өлкө башчысы катышуучуларды маараке менен куттуктап, «Кумтөр» Кыргызстандын экономикасына жаңы дем берип гана тим болбостон, долбоордун тегерегиндеги талаш-тартыштардын чечилиши Кыргызстандын эл аралык инвестиция үчүн жагымдуулугуна оң таасирин тийгизгенин белгиледи.