7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кумтөр Голд Компанинин” төрагасы Ысык-Көл облусунун башчысы менен жолукту

246
Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов менен «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы Бузурман Субановдун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда компаниянын 2024-жылдагы көрсөткүчтөрү жана алдыдагы пландары, Кумтөр ишканасынын Ысык-Көл облусунда ишке ашырып жаткан долбоорлору талкууланды. Ишкана жетекчиси 2024-жыл компания үчүн ийгиликтүү болуп, быйылкы жылга дагы маанилүү иштер, максаттар коюлуп жаткандыгын баса белгиледи.

 “Кумтөр Голд Компани” Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык турмушуна активдүү катышып, бир катар социалдык, инфраструктуралык, экологиялык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданиятка байланышкан долбоорлорду колдоп, жалпысынан акыркы 2 жылда 147,7 миллион сом жумшаган. Мындан ары дагы бул багыттагы иштерди уланта беребиз”— деди Бузурман Субанов.

Өз кезегинде Бакытбек Жетигенов компаниянын Ысык-Көл облусунун өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымын жогору баалап, Бузурман Субановго ыраазычылык билдирди.

247