7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумтөр иши боюнча экс-премьер Темир Сариев кармалды

805

УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө алынган далилдерге таянып, 2021-жылдын 3-августунда өлкөнүн мурдагы премьер -министри Темир Сариевди КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизүү чечими тергөө тарабынан кабыл алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө, Т. Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта, Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталды.

Т. Сариев камакка алынгандан кийин ведомстволор аралык тергөө тобу аны менен бирге тергөө иш аракеттерин улантышат, анын жыйынтыгында жакынкы 48 саатта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту бөгөт коюу чарасын тандоо маселесин карайт.

УКМК кошумча түрдө Кумтөр иши боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу, анын ичинде Т. Сариевге айыпталган эпизоддор боюнча керектүү маалымат коомчулукка берип турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

806