7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумтөр Тоголок кени менен Үч-Кошкон кыштагына көпүрө курууда

15

«Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коому Тоголок алтын кенин жана Жаңгарт аянтын иштетүү үчүн зарыл болгон инфраструктуралык шарттарды даярдоодо.

Жакында  Тоголок кени, Жанграт аянты менен Үч-Кошкон кыштагын бириктире турган Кайчы дарыясындагы көпүрөнүн курулуш иштери башталды.

Буга чейин унаалар бул дарыянын тайыз кечүүлөрүнөн өтүүгө аргасыз болуп, өтө чоң тоскоолдуктарга кабылып келген. Дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлгөн маалда же кышкысын тоңуп калган учурларда ал жерден өтүү мүмкүн болбой калчу.

Ушуга байланыштуу узундугу 20 метр 25 см, туурасы 6 метр 30 см болгон толук кандуу көпүрөнү куруу чечими кабыл алынган. Көпүрөнүн курулуш иштерин август айынын акырына чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.

Учурда Үч-Кошкон тоо айылынан Тоголок кенине чейинки 34 чакырымдык технологиялык жолдун курулушу боюнча долбоор даярдалууда. Мындан тышкары, кенге карай электр чубалгыларын тартууга, жумушчулар лагерин курууга жана алтын ылгоочу фабриканын курулушун баштоого даярдыктар көрүлүүдө.

16