“Кумтөр голд компани” өз социалдык жоопкерчилигинин алкагында калктын муктаждыктарына кайдыгер карабай социалдык маселелерди чечүүгө, жакырчылыкты кыскартууга, билим берүү сапатын жакшыртууга жана айлана-чөйрөнү коргоо менен байланышкан демилгелерди дайым колдоп келет.
Акыркы андай аракеттердин бири жеткинчектердин татыктуу тарбия алуусу менен байланышкан. Июнь айынын акырында, “Кумтөр компаниясынын” көмөгү менен Тоң районунун Темир-Канат айылында Жолдошбек Жунушов атындагы 40 орундуу бала бакчанын курулушу толугу менен аяктады. Мындан тышкары, жергиликтүү бийликтин жана тургундардын өтүнүчү менен Кумтөр тарабынан бала бакчаны толук ишке киргизүү үчүн керектүү жабдуулар, эмеректер жана башка буюмдар сатып алынды.
Ал бакчанын ачылышында, Кумтөр компаниясынын президенти Алмазбек Барыктабасов: “Татыктуу уул-кыздарды тарбиялоо үчүн баштапкы билим берүүнүн мааниси абдан зор. “Бүгүнкү жеткинчек – эртеңки келечек” демекчи, балким дал ушул бала бакчадан тарбияланып чыккан бөбөктөрүбүз эртең Кыргызстанды даңазалаган, өлкөбүздү өнүктүргөн инсандардан болуп калышы мүмкүн”, – деди.
“Кумтөр голд компани” тарабынан Кыргызстандын билим берүү тармагына акыркы 1 жыл ичинде көрсөтүлгөн жардам ичинде:
– Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдарында бир нече бала бакчанын курулушу каржыланды; билим берүү мекемелерине компьютерлер, интерактивдүү такталар жана проекторлор сатып алынды;
– Жети-Өгүз районунун Кароол-Дөбө жана Мундуз айылдарындагы бала бакчаларда балдарга оюн аянтчасын түзүүгө жардам көрсөтүлдү;
– ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды окутуу максатында Бишкектеги №3 кесиптик лицейге кеңсе техникалары сатып алынды;
– Бишкектин №16 мектепке чейинки билим берүү мекемесине жаңы методикалык каражаттар, китептер, акыл-эсти өстүрүүчү оюнчуктар тапшырылды;
– Балдарды коргоо жана эл аралык майыптар күнүнө карата республика боюнча балдар үйлөрүнө жана аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына 2140 даана азык-түлүк баштыктары таратылды;
– “Чүй облусунун Москва районунун майыптары» коомдук уюмуна жана Беловодск психоневрологиялык мекемесине коляскалар жана памперстер, гигиеналык каражаттар жана светодиоддук чырактар сатып берилди;
– Нарын жана Ысык-Көл облустарында кичи футбол аянтчасын куруу жана стадионду реконструкциялоо долбоорлорун ишке ашырууга каржылык жардам көрсөтүлдү;
– 1 сентябрь – Билим күнүнө карата Ысык-Көл облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына керектүү канцелярдык товарлар менен толтурулган 400 рюкзак таратылды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram