7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Куралдуу жихадды жайгаштырууну көздөгөн ЭТУ мүчөлөрү кармалды

551

ЭТУ бандиттик тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 5-мартында УКМК тарабынан адам өлтүрүүгө даярдануу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, террористтик иш-аракеттерге катышкан Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин жарандарынын бандиттик тобунун ишине бөгөт коюлду.

Такталгандай, Сирия аймагындагы Эл аралык террористтик уюмдардын башчысынын координациялаган топтун иш-аракеттерин нейтралдаштырууда, алардын максаты коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу, андан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында куралдуу жихадды жайгаштыруу болгон. Бандиттик топтун айрым мүчөлөрү ЭТУ лагерлеринде атайын күжүрмөн даярдыктан өтүшкөн. Жаранды диний негизде өлтүрүү үчүн колго жасалган жарылуучу зат жана ок атуучу куралды колдонуу менен ишке ашырылышын пландаштырышкан.

Кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрү УКМК тергөө камак жайына киргизилди. УКМК кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн түзүү жана тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.

552