7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Куралы болсо 40 мүнөттө баарын атып салмак. Таласта мас киши тополоң салды

938

Дүйшөмбүгө караган түнү Талас шаарындагы Kerben Palase мейманканасына белгисиз киши кол салып, конокторду сыртка кууп чыкты. Бул туурасында медиа эксперт Авланбек Жумабеков өздүк баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, окуя түнкү саат 4:00дөр чамасында болуп, милицияны чакырганда 40 мүнөттөн кийин гана келген.

«Болжол менен 35-40 жаштагы киши түндө кирип келип эшиктерди талкалап, ичинде жаткан кыздарды, улгайган кишилерди сыртка кууп чыгып, күндүн сууктугуна карабай тизип тургузуптур. Сөгүп-сагып, коноктордун баарын коркуткан. Мейманкана шаардын чок ортосунда жайгашканына карабай милиция 40 мүнөттөн кийин араң келиптир«, — деди Жумабеков.

Мындан сырткары, ал сыртта турган эки автоунаанын да терезелерин талкалаган. Бактыга жараша, эч ким жаракат алган эмес.

«Эгер анын куралы болсо 40 мүнөттө канча адамды атып өлтүрмөк. Күбөлөр тартип сакчылар келип тополоң салган кишинин колун кайрыбай, машинага отурушун суранып араң алып кеткенин айтып таң калууда«, — деп жазат.

Окуяны Талас ОИИБдин маалымат кызматы тастыктап, төмөндөгүдөй маалымат берди.

«Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн 102 кызматына 11-октябрь күнү түнкү саат 04:30 чамасында чакыруу келип түшкөн. Талас ШИИБинин ыкчам тобу  барып, текшерген учурда Талас шаарынын 1983-жылы туулган тургуну О.С. аттуу жаран мас абалда мейманкананын эшиктерин сындырып, чатак салгандыгы аныкталган. Андан тышкары ошол мейманканада токтоп турган Фольксваген Поло үлгүсүндөгү унаасынын арткы чоң айнегин жана Ниссан үлгүсүндөгү унаанын капталдагы айнегин сындырып салганы аныкталган. Ал жарандын милицияда иштеген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анын милицияга эч кандай тиешеси жоктугу такталган. Учурда шектүү эч жерде иштебейт. Аталган факты Талас ШИИБнин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына бейбаштык фактысы менен катталып, шектуу адам милиция кызматкерлери тарабынан ШИИБне алынып келинип, тергөөдө сурак берүүдө-деп билдирет Талас ШИИБинин маалымат кызматы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

939