Бишкекте окуучу кыз 4-кабаттан кулап түшкөн. Өспүрүм кыз учурда ооруканада. Бул тууралуу 7-каналга Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-март күнү милицияга Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өспүрүм кыз кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барган.
«13 жаштагы М.С. аттуу кыз үйдө жалгыз болгон жана үй бек болгон. Ал курбулары менен сейилдөө үчүн үйдөн качып чыгууну көздөп, балкондон түшөйүн деп жатып кулап кеткен”, — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.