7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курч вирустук гепатит менен ооругандардын саны өстү

341

Кыргызстанда 2023-жылы курч вирустук гепатит менен ооругандардын саны өскөн. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматтарында айтылат.

Бул оорунун 2022-жылы 3119 учуру катталган, былтыр 9234 учур катталып, 2,9 эсе көп болду.

Вирустук гепатиттин А түрү менен 2023-жылы 8973 бейтап катталды. Оору эң көп Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайылган.

Ошондой эле жаңы аныкталган өнөкөт вирустук гепатит менен ооругандардын саны 2,6 эсе көбөйгөн. Алсак, 2023-жылы 9 772 учур, 2022-жылы 3 686 учур катталган.

Вирустук гепатит — кеңири тараган жана айрыкча боорду жабыркатуучу инфекциялык оору. Беш түрү бар, алар — А, В, С, Д жана Е . Гепатиттин В, Д жана С вирустук түрүнүн

кесепети оор болгондуктан, ден соолукка коркунучу чоң.

 

342