7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кургак учукка кабылган аскер кызматкерлеринин саны 26га жетти

913

Коргоо министрлигинин абадан коргонуу күчтөрүндө Аскер комиссариатынын шалаакылыгынан улам аскерлер кургак учукка кабылган. Бул тууралуу маалымат жыйында Жоокердин энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова айтты.

Маалыматка караганда, жалпы 26 жоокер кургак учукка кабылган, алардын абалы канааттандырарлык.

«Эпидемиялык иликтөө жүргүзүлүп, инфекциянын болжолдуу очогу аныкталды. Ошондой эле кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, тиешелүү адамдар дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Бардык материалдар Бишкек горнизонунун Аскер прокуратурасына жиберилген. Бүгүнкү күндө кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө», — деди №99718 аскер бөлүгүнүн штаб башчысы Руслан Абдулдабеков.

Үстүбүздөгү жылдын 21-январында Абадан коргонуу күчтөрүндө милдетин өтөп жаткан аскерлердин арасында кургак учукка кабылгандар бар экени маалым болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

914