Ошто коомдук транспортто уурулукка шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, кармалгандар кичи автобустарда жана базарларда жергиликтүү тургундарды тоноп кетишкен. Жарандардын акчалары жана уюлдук телефондору уурдалган. Алар ушул жылдын башынан бери издөөдө жүрүшкөн.
Эки шектүү тең мурда чөнтөк уурулук боюнча соттолгон. Ош шаардык соту ал шектүүлөрдү тергөө абагына бир айга камады.