Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда катталган жол кырсыктан эки адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Чүй районунда 30-март күнү саат 23:26чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында (Арал айылы) “Mercedes-Benz Sprinter” менен “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
«Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши жеңил жаракат алышкан (1991-жылы туулган, 1980-жылы туулган). Жерине КР ӨКМнин №21 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган адамдар жолдо бараткан унаанын жардамында ооруканага кетишкен», — деп берилет маалыматта.