7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курман болгон аскер кызматкерлеринин жаркын элесине айкел ачылды

451

Бүгүн, 17-сентябрда Ички аскерлердин 7707 аскер бөлүгүндө баатырларча курман болгон аскер кызматкерлеринин жаркын элесине айкел ачылды.

2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышууда күжүрмөн тапшырма аткарып жатып баатырларча курман болгон 7707 аскер бөлүктүн аскер кызматкерлери улук сержант Ачылбек Ташбеков, улук сержант Дурусбек Каныбек уулу, кенже сержант Манас Баатырбеков жана катардагы Айбек Абдилабековдун жаркын элесине арналган айкел салтанаттуу түрдө ачуу жана баатырларды эскерүү иш чарасы болуп өттү.

Иш чара баатырлардын айкелин салтанаттуу ачып, гүл чамбарларды коюп, минуталык эскерүү менен башталды, иш чарага баатырлардын ата-энелери, бир туугандары, Ички аскерлердин ардагерлери жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Айкелди ачуунун максаты – баатырлардын көрсөткөн эрдиктерин данктоо, элесин түбөлүккө калтыруу.

Иш – чаранын жүрүшүндө, 7707 аскер бөлүктүн командири подполковник Улукбек Джумабаев өз сөзүндө “2022-жылдын 16-сентябрында күжүрмөн тапшырма аткарып жатып аскердик анттына бек туруп, кан жанын аябастан баатырларча курман болгон аскер кызматкерлерибиздин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу жана сактоо максатында айкел ачып жатабыз, биздин куралдаштарыбыз, эч качан унутулбайт, көрсөткөн эрдиктери тарыхта калып, биз үчүн үлгү, алардын элеси түбөлүк биз менен” деп айтып өттү.

Иш чара баатырларча курман болгон аскер кызматкерлерине куран окутуу менен аяктады.

 

 

 

452