7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакиевдин кызы Кыргызстанга 100дөн ашык электромобиль алып келет

3685

Экс-президент Курманбек Бакиевдин инисинин кызы Сымбат Маратбек 2022-жылдын январында Кыргызстанга 100дөн ашык электромобилдерди алып келет. Ал “Spark” компаниясында электромобилдерди сатуу жана тейлөө, электр кубаттоочу станцияларын орнотуу менен алектенет. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, учурда электромобилдер үчүн электр кубаттоочу станциялар орнотулууда. Ошондой эле электр кубаттоочу станцияларды стратегиялык объектилерге, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарындагы жана Бишкек шаарындагы соода борборлоруна орнотуу пландалууда.

«Учурда Кыргызстанда 400гө жакын электромобиль бар. Биз таксилерди жана коомдук транспортторду электромобилге өткөрүү аракетин көрүп жатабыз», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Сымбат Маратбек Кыргызстандын Германиядагы мурдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Курманбек Бакиевдин иниси Марат Бакиевдин кызы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3686