7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК «Түндүк» подстанциясындагы 2,5 млн. сомдук коррупциялык схеманын бетин ачты

696

Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын (ЖЧЭТИ) кызматкерлери тарабынан ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу аркылуу «Түндүк» подстанциясына жабдууларды жасалма сатып алуу жана орнотуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын кызматкерлери тарабынан “Түндүк” подстанциясын модернизациялоодо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тендердик шарттарга жана Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын бюджетине дал келбеген жабдууларды жасалма түрдө сатып алып, аны орнотуу иштеринде 2,5 млн сомдук зыян келтирилген факты аныкталды.

2017-жылы “Түндүк” подстанциясы үчүн өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында “N.E.C.” өндүрүүчүсүнүн релелик коргоочусу жана автоматикасы орнотулушу керек болгон. Бирок ЖЧЭТИ кабыл алуу комиссиясы ишкананын кызыкчылыгына каршы туруп, ишенимдүүлүктүн жана коопсуздуктун белгиленген шарттарына жооп бербеген башка өндүрүүчүнүн жабдууларын кабыл алган. Бул калкты электр энергия менен камсыздоодо үзгүлтүккө учуратып, техникалык жабдуунун тез бузулушун, ошондой эле бүткүл подстанциялардын иштен чыгышына алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө ЖЧЭТИ жооптуу кызматкерлери жең учунан сүйлөшүүлөргө барып, техникалык негиздемеси жок болгонуна карабастан, эч кандай арыз-даттануусуз орнотмолорду кабыл алуу иштерин жүргүзүшкөнү аныкталган.

Кылмыш-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ЖЧЭТИ кабыл алуу комиссиясынын төрагасы “Н.М.А.” менен “Т-Р” Жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору “И.К.С.” УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

697