7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Курманбек» стадионуна газондорду сугаруучу автоматташтырылган система орнотулду

705

Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионуна газондорду сугаруучу автоматташтырылган система орнотулуп, тункү жарыктандыруу үчүн 32 даана кубаттуу чырак жана 15 м² ты түзгөн электрондук экран орнотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, стадиондун бир четине кичи футбол аянтчасы да курулду. Мындагы курулуштарды шаардык кеңештин депутаттары колдоого алып, жергиликтүү бюджеттен 6 миллион 132 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Буга чейин футбол адистери аталган стадиондо эл аралык мелдештерди өткөрүүгө айрым кемчиликтер бар экенин белгилеп келишкен. Учурда анын бары жоюлду.

Белгилей кетсек, аталган стадион 4,5 миң көрүүчүгө ылайыкталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

706